Корутунду

Wikipedia дан

Корутунду.

Фергана өрөөнүнүн тоо арасындагы элетиндеги жана түздүктөрүндөгү мурунку Кокон хандыгынынын тургундары болгон кыргыздар, кыпчактар, өзбектер жана тажиктер гана эмес, а түгүл орус ээликтери болуп эсептелген Оро-Төбөнүн, Кажент уездинин Лейлек, Ташкент уездинин, Курама уездинин, Олуя-Ата уездинин Чаткал өрөөнүн Бухара эмиратынын Кара-Тегин өрөөнүнүн көп улуттуу улуттардын катышышы кайбир урунттуу учурларды көтөрүлүшчүлөрдүн санынын эки жүз миңге чейин жетиши, үч жыл бою алоолонгон бул кыймылдын масштабынын өтө зор экендигин аныктап турат. Чынында, мындай чоң кыймыл бүтүндөй борбордук Азиянын XIX-кылымындагы тарыхында болгон эмес.

Кыймылдын дагы бир мааниси анын элдик кыймыл экендигинде. Биз жогоруда көтөрүшчүлөрдү социалдык жактан эки тапка бөлүп кароонун туура эмес экендигин айтсак болот. Кудаярханга, Насырдинбекке каршы конкреттүү күрөштөр антифеодалдык мүнөзгө ал эми орус баскынчыларына каршы күрөш антиколониялык мүнөзгө ээ болгон. Аталган максаттарды ишке ашырууда кыймылга катышкандарды күрөшүүнүн тигил же бул ыкмалары менен айырмалаган топторго гана бөлүүгө болот. Мисалы Полотхандын элдик прогрессивдүү тобу жана Абдрахман аптабчынын бийликке умтулган тар максаттагы, бирок антиколониялык багытта элдик кыймылга бириккен тобу. Ал эми антифеодалдык жана антиколониялык максатта баш кошкон жалпы элдик таптык жиги жагынан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ошондуктан 1873-76-жылдардагы кыймылды жалпы элдик кыймыл болгон деп эсептесек болот. Муну ошол учурдагы окуялардын активдүү катышуучусу, Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору «Жарым падыша» К.П. Кауфмандын сөзү ырастап турат. Анын 1876-жылы 27-апрель күнү жазган билдирүүсүндө 1875-76-жылдардагы согуштардын мурункулардан узак жана оор болгондугу, орус аскерлери «Биринчи жолу кубаттуу жоокерлер менен кагылышып, эл менен күрөшүү Орто Азия деспот хандар менен күрөшүүгө караганда алда канча кыйын экендигин түшүнгөндүгүн» жазылган.

1873-76-жылдардагы кыймылдын саясий, экономикалык жана тарыхый мааниси өтө терең. Кыймыл саясий жагынан коомду өзгөртүү максатын койбосо да, бийликти алмаштырууга умтулуп «Адилеттүү хандыкты көздөгөндүгү» жана кийинки баскычтарында орус колонизаторлоруна каршы алгачкы боштондук күрөшүү болгондугу менен түшүндүрүлөт. Ал эми экономикалык жагынан кыймылдын мааниси жер жана алык-салык маселеси менен байланышкан. Бул маселе көтөрүлүштүн тигил же бул баскычтарында ачык көрүнбөгөнү менен кыймылдын жалпы жүрүшүндө байкалбай койбойт. Көтөрүлүштүн алгачкы аракеттери так ушул салык саясатына каршы башталган. Кыймыл антиколониялык мүнөзгө өткөндө жер жана чөлкөм маселеси, саясий маселе менен катар эле алдынкы орунга коюлган. Антифеодалдык жеңишин антиколониялык жеңилиши жууп кеткен. Фергана чөлкөмүнүн тургундары жана түштүк кыргыздары Кокон эзүүсүнөн бошонгону менен эзүү ыкмалары жагынан өзүнүн «обьективдүү прогрессивдүүлүгү» менен айырмаланган орус колониализиминин кучагына кирди. Бул татаал тарыхый тагдыр бир эле учурда прогрессивдүү да, реакциялуу да элементтери менен мүнөздөлүшү тарых наамада малым нерсе.